Урматтуу мекендештер ! Сиздерди ыйык Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

20.03.2026, 16:25
12

Бул улуу майрам – сабырдын, ыймандын жана жакшылыктын жеңишин даңазалаган өзгөчө учур. Орозо айында кылган дуба тилектер, ар бир сооп иш Аллах Тааланын алдында кабыл болсун.

Айт күнү ар бир үйгө береке, ыйман орноп, дасторконуңуздар даамга толуп, жүрөгүңүздөргө жылуулук, жүзүңүздөргө жылмайуу уяласын. Карыялар аман болуп, жаштарга туура жол, бекем ыйман насип этсин.

Жараткан ар бириңиздерге ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана ырыскы берсин. Ар бир тилегиңиздер орундалып, жакшылыктар ар дайым коштоп жүрсүн!

Дагы бир жолу Орозо Айт майрамыңыздар куттуу болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев