Ардактуу ата-апалар , ага- эжелер, тең туштар жана ини-карындаштар баарыңыздарга чың ден соолук, жаркын маанай, кажыбас кайрат, ийгилик жана түгөнгүс бакыт каалайм!
Нооруз майрамы ар бириңиздердин үйүңүздөргө бакыт таалай, ынтымак жана береке алып келсин. Элибизде биримдик , жергебизде тынчтык болуп, мамлекетибиз алдыга карай өнүгө берсин .
Дагы бир жолу бүгүнкү улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамыңыздар кут болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев