УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

31.08.2026, 16:44
23

Сиздерди 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана өлкөбүздүн эгемендигинин 35 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

🇰🇬Эгемендүүлүк бизге ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас, эркиндигибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн бекем тиреги. 35 жыл ичинде Кыргызстан өзүнүн басып өткөн жолу, жетишкен ийгиликтери жана жаркын келечекке болгон ишеними менен жаңы тарыхын жаратып келет.

🇰🇬Ушул улуу майрамда ар бир үйгө тынчтык, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм. Элибиздин биримдиги бекем болуп, жергебизде ар дайым бейпилдик өкүм сүрсүн!

🇰🇬 Туубуз эркин желбиреп, Кыргызстандын келечеги кең, элинин келечеги жарык болсун! Ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп, кийинки муундарга күчтүү, өнүккөн жана гүлдөгөн Кыргызстанды мурас кылып калтыралы.

Эгемендүү Кыргызстаныбыз түбөлүк жашасын!

Элибиздин ынтымагы бекем, өлкөбүздүн келечеги кең болсун!

Урматтоо менен,

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы

Бакыт Кыдыралиев