Урматтуу мугалимдер, кадырлуу ата-энелер жана кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

29.05.2026, 11:33
5

Сиздерди бүгүнкү акыркы коңгуроо майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Урматтуу бтүрүүчүлөр бүгүн силер мектеп босогосун аттап, чоң турмушка кадам таштап жатасыңар. Алдыңарда жаңы мүмкүнчүлүктөргө, жаңы максаттарга жана чоң жетишкендиктерге жол ачылууда.

Ар дайым билимге умтулуп, мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошкон, эли-жери үчүн кызмат кылган татыктуу жарандардан болуңуздар. Өзүңүздөрдүн күчүңүздөргө ишенип, бийик максаттарды багындыруудан эч качан тайманбаңыздар.

Өзгөчө бүгүн окуучуларга терең билим берип, татыктуу тарбиялаган мугалимдерге жана ар бир ийгиликтин артында турган ата-энелерге да терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди жана кең келечек каалайм. Кадамдарыңыздар бекем, жолуңуздар ачык болсун!

Ак жол, урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Урматтоо менен,

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы

Бакыт Кыдыралиев