📚Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы “Билим күнү” менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Билим — элдин келечегин аныктаган эң чоң күч. Андыктан мамлекетебиз жаш муундарга сапаттуу билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзүп жатат. Биз дагы салым кошуп мектептерибизди жаңыртып, окуучулар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жатабыз.
Урматтуу агай-эжейлер, сиздерге чың ден соолук, түгөнбөгөн чыгармачылык дем жана эмгегиңиздерге ийгилик каалайм! Ал эми окуучуларыбызга билимге умтулуу, бийик максат жана жаркын келечек каалайм.
Жаңы окуу жылы ийгиликтердин, жакшы жаңылыктардын жана чоң жетишкендиктердин жылы болсун!
🎓 Билим күнүңүздөр менен куттуктап Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович