Урматтуу Шумкар-Уя айыл аймагынын кичинекей тургундары жана ата-энелер!

01.06.2026, 16:29
7

Сиздерди 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман куттуктайм!

Балдар – биздин келечегибиз, үй-бүлөнүн бактысы, элибиздин үмүтү. Ар бир баланын бактылуу балалыкта өсүп, билим алып, өнөрүн өркүндөтүп, өз кыялдарына жетүүсү – коомдун жана ата-энелердин эң башкы максаты. Бардык балдарга бекем ден соолук, кубанычтуу күндөрдү, окуудагы жана чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалайм.

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү кут болсун!