Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен!

27.05.2026, 11:31
16

Урматтуу мекендештер жана Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундары!

Сиздерди бүгүнкү ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Бул касиеттүү күн ар бир үйгө тынчтык, ынтымак, молчулук жана береке алып келсин.

Жараткан ар бирибиздин кылган ибадатыбызды, тилек-дубаларыбызды кабыл кылып, элибизге аманчылык, өлкөбүзгө тынчтык насип этсин. Үй-бүлөңүздөрдөн бакыт, дасторконуңуздардан кут кетпесин!

Ар дайым ден соолукта, жакшылыктын үстүндө болуңуздар!

Сиздерди терең урматтоо менен,

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев