Советтер Союзунун баатыры Асанбек Оторбаевдин жаркын элесине арналган "Шумкар-Уя" эл аралык турниринин эркин күрөш боюнча бөлүгүнүн ачылышы салтанатында машыктыруучу Назир Турдалиевге окуучулары аргымак мингизишти.
Белгилей кетсек, Назир Турдалиев күрөш боюнча спорт чебери жана белгилүү машыктыруучу. Ал Шумкар-Уя айыл аймагындагы жаштарга дем берип, бир нече балбандардын ийгиликке жетүүсүнө себепкер болгон.