Желмаяндар - айылдагы жумушту жеңилдетет

09.05.2026, 18:35
20

✔️Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демилгеси жана айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен “Шумкар Суу” муниципалдык ишканасына 6 даана желмаян тапшырылды. Аталган техникалар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржыланып алынды.

✔️Бул транспорт каражаттары ишкананын сантехник жана техникалык кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусуна чоң жардам берет. Айрыкча, суу түтүктөрүндөгү авариялык кырдаалдарга тез жетип, маселелерди өз убагында чечүүгө шарт түзүлөт.

✔️Белгилей кетсек, “Шумкар Суу” муниципалдык ишканасы аймактагы 6 айылга кызмат көрсөтөт. Жаңы техникалардын берилиши менен калкка көрсөтүлгөн кызматтын сапаты жакшырып, тейлөө иштери дагы да ыкчам жана натыйжалуу болоору күтүлүүдө.

✔️Бул колдоо айыл элинин турмуш шартын жакшыртууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири