ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ КАРАТА САЗ-БУЛАКТА ЭСТЕЛИК АЧЫЛДЫ

09.05.2026, 17:30
19

✔️9-май - Улуу Жеңиш күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагынын Саз-Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүндө жаңыланган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи болду.

✔️Эстелик Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

✔️Иш-чарага Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев жана айыл тургундары катышты. Алар жалпы элди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, тынчтык үчүн жанын берген каармандарды эскерип, эстеликке гүл коюшту.

☝️Улуу Жеңиш күнү — муундан муунга өтчү ыйык тарых, өчпөс эрдик жана мекенчилдиктин улуу сабагы. Баатыр аталардын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат.