Талас облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелерине арналган форумда Шумкар-Уя айыл аймагында аткарылган иштер жогору бааланды.
Аймактагы жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев Талас ОИИБнын ЖКККБнүн "Ыраазычылык каты" менен сыйланды .
Форумда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун биргелешип иш алып баруусу зарыл экенин белгиленип, сунуштар айтылды.