Кечээ, Айкөлүң Манас баатырың,
Кең Алтайдын боюнан
Ала-Тоого келгенде,
Таалайына берди дейт
Тартуу кылып Теңирим,
Таластай улуу жерди дейт.
Так ошол күнү Кан Кошой
Ат чаптырып Таласта,
Манастын тоюн белгилейт –
Сан күлүктүн ичинен
Кан Кошойдун тору тай,
Маарага чыгып келди дейт,
Баш байгени жеңди дейт!
Тай кезинен жарыктык,
Манастын ошол тоюнда
Таластан чыгып бата алган –
Тайтору күлүк аталган.
Чылбырынан бек кармап,
«Чын арбак, колдо!» деп кармап,
«Кагылайын, Тайторум,
Кадырың калкым билээр!» деп,
«Каруу күчкө толгондо
Каалап Манас минээр!» деп,
Ырым кылып торуну
Коё берди чылбырын.
Жоргологон тору тай
Жол жоргосун салды дейт,
Жолборсу Манас баатырдын
Жолунан тосуп барды дейт.
«Жоого минчү буудан!» деп,
«Кайыбынан туулган!» деп,
Назарын Манас салыптыр –
Ошол күндөн ошол жер
Тай-Жорго болуп калыптыр.